Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

Ата-энелер үчүн маалымат

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2022-жылдын “_________”____________

№_____________ буругу менен

БЕКИТИЛГЕН

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо»

автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө Жобо (мындан ары — Жобо) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги максаттарын, милдеттерин жана иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

2. Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамынын, 2014 — жылдын 3 — июнундагы №303 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомунун, 2011 — жылдын 12 — сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомунун, 2015 — жылдын 22 — июнундагы № 391 «Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана

үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө» жобонун, 2017 — жылдын 24 — июлундагы № 449 «Балдардын иши боюнча комиссия жөнүндө» Типтүү жобонун, 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 «Мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө» жана 2021 — жылдын 5 — мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык иштелип чыккан.

3. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары — «Электрондук каттоо» АМС) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына биринчи класска кабыл алууда мектеп жашындагы балдардын маалыматтарын каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруучу маалыматтык система.

«Электрондук каттоо» АМСтин ээси — Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоочу билим берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүлүгүнө жана анын сапатына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.

Арыз берүүчү — баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү (ата-энелер, асырап алгандар, кам көрүүчүлөр, камкорчулар, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери).

Аскер кызматчылары — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр.

Кайрылман — чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыз.

Микроучасток — билим берүү уюмуна жакын жайгашкан, өзүнө көчөлөрдүн атын жана үйлөрдүн номерлерин камтыган шаардын административдик-территориалдык бөлүнүүсүнүн алкагындагы аймак.

«Электрондук каттоо» АМСтин маалыматтарын алуучулар — статистикалык маалыматтар менен иш алып баруучу Министрликтин, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын)

ыйгарым укуктуу кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери.

«Электрондук каттоо» АМСтин колдонуучулары — автоматташтырылган маалыматтык системада функционалдык (колдонуучулук) ролдор аныкталган Министрликтин ыйгарым укуктуу кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, баланын ата-энеси — арыз ээси/мыйзамдуу өкүлү.

Жеке мүнөздөгү маалыматтар — бир субъект жөнүндө маалыматтар категорияларынын тизмеси.

Жеке маалыматтар субъекти (бала, ата-эне/мыйзамдуу өкүл) — тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам.

4. «Электрондук каттоо» АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат. «Электрондук каттоо» АМСтин ээси — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары — Министрлик) болуп саналат.

5. Мектеп жашына жеткен (6-7 жаш (ушул жылдын 15-сентябрына карата толук 6 жашка чыккан), жалпы билим берүү уюмуна жакын жайгашкан территорияда жашаган/жашабаган балдар «Электрондук каттоо» АМС аркылуу биринчи класска кабыл алынат, ал мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин администрациясына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп саналат.

2. «Электрондук каттоо» АМСтин негизги максаттары жана милдеттери

6. «Электрондук каттоо» АМСти ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын биринчи классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп саналат.

7. «Электрондук каттоо» АМСтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

— Кыргыз Республикасынын мектептеринин биринчи классына кирүү үчүн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан балдарды каттоо жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди аткаруу;

— Кыргыз Республикасынын мектептеринин биринчи классына кабыл алынган балдар жөнүндө маалыматты (документтерди) берүү үчүн Министрликтин жана анын билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун

регионалдык органдарынын кызматкерлерине керектүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

— Кыргыз Республикасынын мектептеринин биринчи классына кирген окуучулар жөнүндө жалпыланган отчетту түзүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Министрликтин Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат алуу үчүн сурап-билүү кызматтарын жана ресурстарды жайгаштыруу.

3. «Электрондук каттоо» АМСте иштетилип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматтар

8. «Электрондук каттоо» АМСте баланын, арыз ээсинин, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөнүн жарандарынын жеке мүнөздөгү маалыматтарын текшерүү үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу иштетилет:

Бала жөнүндө маалымат:

· Жеке идентификациялык номер (ЖИН);

· Аты-жөнү;

· Жынысы;

· Туулган күнү, айы, жылы;

· Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (берүүчү орган, берилген датасы, серия жана номер).

Арыз ээси жөнүндө маалымат:

· Жеке идентификациялык номер (ЖИН);

· Аты-жөнү;

· Жынысы;

· Туулган күнү, айы, жылы;

· Юридикалык дареги (арыз ээсинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат);

· Чыныгы дареги;

· Паспорт маалыматтары (серия, номер, берилген датасы, жарамдык датасы жана берүүчү орган);

· Байланыш маалыматтары (уюлдук телефондун номери, жумушчу телефону);

· Электрондук почта.

4. «Электрондук каттоо» АМСтин колдонуучулары жана алардын функциялары

9. «Электрондук каттоо» АМСтин колдонуучулары (мындан ары — катышуучулар) болуп Министрликтин ыйгарым укуктуу кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдардын администрациялары, баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси саналат, аларга автоматташтырылган маалыматтык системада кийинки функционалдык (колдонуучулук) ролдор аныкталган:

— Министрликтин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери билим берүүнүн абсолюттук жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларды көрүүнү камсыздоо боюнча көзөмөл жүргүзүү; балдардын билим алууга карата укугунун сакталышын көзөмөлдөөнү камсыздоо функциясын аткарышат;

— мектептердин администрациялары «Электрондук каттоо» АМС аркылуу Кыргыз Республикасынын мектептеринин биринчи классына кабыл алуу функциясын аткарышат;

— арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын мектебинин биринчи классына кабыл алуу үчүн «Электрондук каттоо» АМСте баланы өз убагында каттоо аркылуу баланын башталгыч жалпы билим алуу укугун камсыз кылат.

5. «Электрондук каттоо» АМС процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

10. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн өз компетенциясынын алкагында чечимдерди кабыл алууга жана бекитүүгө;

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи класстарына балдарды автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу кабыл алуу боюнча ушул Жобонун ченемдерин жана талаптарын аткаруу боюнча мектептердин ишмердигин текшерүүнү ишке ашырууга;

— натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоону, укукка каршы ишмердүүлүктү алдын алууну жана аныктоону; башкаруучулук отчеттуулукту жана маалыматты, ошондой эле аларды даярдоону камтыган ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

— милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

— билим берүү жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салууга;

— «Электрондук каттоо» АМСтин иштөө процессин координациялоого жана отчеттуулукту түзүүгө;

— «Электрондук каттоо» АМСке техникалык колдоо көрсөтүү боюнча өз ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүүгө;

— «Электрондук каттоо» АМСте процесстердин толук иштешине иш-аракеттерди аткаруу же иш-аракеттерди аткарбоо менен тоскоолдук кылган, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонууга.

11. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн аталган системанын катышуучуларына бекитилген чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында жиберүүгө;

— үзгүлтүксүз негизде «Электрондук каттоо» АМСти эксплуатациялоону камсыздоого;

— «Электрондук каттоо» АМСтин иштөөсүн колдоого;

— «Электрондук каттоо» АМСтеги жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуугун камсыздоо.

12. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктары төмөнкүлөргө укуктуу:

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн Министрликтин чечимдеринин жана локалдык актыларынын негизинде уюштуруу-тескөөчү документтерди чыгарууга жана бекитүүгө;

— ушул Жобонун нормаларына жана талаптарына ылайык келиши боюнча мектептердин ишмердүүлүгүн текшерүү;

— ченемдик укуктук актыларды, локалдык актыларды сактоону, укуктарга каршы иш-аракеттерди алдын алууну жана аныктоону; башкаруучулук отчеттуулукту жана маалыматты, ошондой эле аларды даярдоону камтыган натыйжалуу жана таасирдүү башкарууга жетишүү үчүн комплекстик жана таасирдүү ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

— коомчулуктун жана жалпы билим берүүчү уюмдардын администрациясынын арасында милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

— «Электрондук каттоо» АМСте процесстердин толук иштешине иш-аракеттерди аткаруу же иш-аракеттерди аткарбоо менен тоскоолдук кылган жалпы билим берүүчү уюмдун директоруна жана кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонууга.

13. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктары төмөнкүлөргө милдеттүү:

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн Министрлик тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында аткарууга;

— ушул Жобонун сакталышы үчүн жалпы көзөмөлдү камсыз кылуу, зарыл болгон учурда атайын тартипте кабыл алынган балдардын документтерин текшерүү;

— 1-класска кабыл алуу үчүн окуучулардын орундарынын бекитилген санын окутуу тилин (квота) эске алуу менен макулдашуу жана каттоо процесси башталганга чейин бир жума калганда системага киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү;

— ар бир мектептин квотасын макулдашып, өз убагында системага киргизүү;

— колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алууда келип чыккан талаш-тартыштарды ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөрү менен чечүүгө көмөк көрсөтүү;

— «Электрондук каттоо» АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуугун камсыздоо.

14. Жалпы билим берүү уюмунун директору төмөнкүлөргө укуктуу:

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) чечимдеринин жана локалдык актыларынын негизинде уюштуруу-тескөөчү документтерди чыгарууга жана бекитүүгө;

— натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоону, укукка каршы ишмердүүлүктү алдын алууну жана аныктоону камтыган комплекстүү жана натыйжалуу ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

— коомчулуктун арасында милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

— камкордукка алынган (мыйзамда белгиленген) балдардын жана атайын тартипте кабыл алуунучу балдардын документтерин текшерүү үчүн «Электрондук каттоо» АМСке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

— мыйзамда белгиленген тартипте баланы биринчи класска аныктоо үчүн ата-энелерден/мыйзамдуу өкүлдөрдөн тиешелүү тастыктоочу документтерди суроого;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала («Электрондук каттоо» АМС аркылуу кабыл алгандан кийин) аныкталган учурда класс жетекчининин/мектептин психологунун өтүнүч каты боюнча директор психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссияга (мындан ары – ПМПК) кайрылууга укуктуу. ПМПК ар кандай диагностиканы жүргүзөт жана баланын физикалык да, психологиялык да абалын аныктайт, зарыл болгон учурда атайын мектепке/класска аныктайт же бала буга чейин кабыл алынган жалпы мектепте билим алуусун улантууну сунуштайт.

15. Жалпы билим берүү уюмунун директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

— балдарды биринчи класска кабыл алууну «Электрондук каттоо» АМС аркылуу электрондук арыздын негизинде жүргүзүүгө;

— «Электрондук каттоо» АМСте өз ара аракеттенүү процессин ишке ашыруу үчүн Министрлик, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) тарабынан бекитилген чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында аткарууга;

-1-класска кабыл алуу үчүн окуучулардын орундарынын санын (квота) окутуу тилин эске алуу менен аныктоо жана бекитүү жана каттоо процесси башталганга чейин бир жума калганда райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) тапшырууга;

— мектепке даярдоо классына кабыл алынган (мектепке даярдоо класстары бар жалпы билим берүү уюмдары) балдардын ата-энелерине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн «Электрондук каттоо» АМС аркылуу өз убагында катталуунун зарылдыгы жөнүндө маалымат берүүгө;

— «Электрондук каттоо» АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча өзүнө милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти алууга. Мындай милдеттенмелер ал адамдар кызматтан кеткенден кийин да купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүн жоготпойт;

— баланы биринчи класска кабыл алууда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюму менен ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда

пайда болгон талаш-тартыш маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык чечүүгө;

— үстүбүздөгү жылдын 20-августуна чейин аймактык ыйгарым укуктуу органдардан инсандыгын ырастоочу документтери жок мектеп жашындагы балдардын тизмесин суроого;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик катыш принцибин сактоо менен биринчи класстарды топтоого;

— жалпы билим берүү уюмуна балдарды кабыл алууда ата-энелерди/мыйзамдуу өкүлдөрдү мектептин уставы менен, керектүү учурда мектептин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка документтер менен тааныштырууга;

— ушул Жобонун аткарылышын, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча документтерди текшерүүнү жүргүзүүнү.

16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген Мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускамага ылайык балдардын тизмесин түзүүгө;

— биринчи класска өз убагында кабыл алуу үчүн инсандыгын ырастоочу документтери жок балдардын тизмесин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) тапшырууга.

— тараптардан көз каранды болбогон жагдайлар боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мэрия, айыл өкмөттөр) уруксат бербеген башка жагдайлар боюнча «Электрондук каттоо» АИСте каттоодон өтпөгөн балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында тандалып алынган мектепке баруу тиешелүү аймактык мамлекеттик бийлик органдарынын өтүнүчү боюнча бул балдарды мектепке кабыл алуу тартибин аныктай алат.

Ошол эле учурда, ушул пунктта аныкталган алгоритм 15-августтан эрте эмес колдонулушу мүмкүн жана окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлүшү керек.

17. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

— «Электрондук каттоо» АМСке тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

— милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу «Электрондук каттоо» АМСти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жеткиликтүү болуусуна;

— билим берүү процессин жөнгө салуучу мектептин уставы жана башка локалдык документтери менен таанышууга укуктуу.

18. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

— онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) «Электрондук каттоо» АМСте каттоого:

1. Юридикалык жашаган жери боюнча — учурдагы жылдын апрелинин экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып үстүбүздөгү жылдын июнь айынын акыркы жумасына чейин.

2. Чыны (факт боюнча) жашаган жери боюнча — учурдагы жылдын июль айынын биринчи дүйшөмбүсүнөн тартып үстүбүздөгү жылдын август айынын акыркы жумасына чейин.

— баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап 15-сентябрынан кечиктирбестен мамлекеттик жана муницпалдык жалпы билим берүүчү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө.

— АМС сайтында жеткиликтүү болгон мектептин уставы менен таанышууга.

Документтер өз убагында берилбеген учурда «Электрондук каттоо» АМС автоматтык түрдө орунду бошотот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтомуна ылайык баланы биринчи класска аныктоо үчүн керектүү документтердин тизмеси

19. Мамлекеттик кызматты керектөөчү бала башталгыч билим берүүнүн биринчи классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

— жашаган жери боюнча жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

— баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

— ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускас

(белгиленген формалар);

— баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү;

Жалпы билим берүү уюмунун жетекчисине/жооптуу адамга мектептин биринчи классына балдарды кабыл алуу үчүн ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган документтерди талап кылууга тыюу салынат.

6. Балдарды биринчи класска кабыл алуунун өзгөчө тартиби

20. Баланы жардамчы мектептерге жана класстарга кабыл алуу санитардык чендерге жана эрежелерге, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдун Уставына ылайык, ошондой эле психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жолдомо катынын негизинде «Электрондук каттоо» АМСтен тышкары жүргүзүлөт.

21. «Электрондук каттоо» АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:

— аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;

— тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматчыларынын балдары.

22. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча биринчи класска балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» АМСтен тышкары мектепке түз кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат.

8. Жыйынтыктоочу жоболор

23. Каттоо жана каттоонун башталышы жана аяктоо мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

24. Мектептик курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) бардык балдар (КРдин жардамчы мектептерине жана класстарына кабыл алынуучу балдардан тышкары) биринчи класска алардын даярдыгынын деңгээлине карабастан, «Электрондук каттоо» АМСке катталуу аркылуу аныкталат.

25. Балдарды биринчи класска кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим

деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.

26. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи класстарына баланы каттоо жана кабыл алуу тартиби ушул Жобонун жана «Электрондук каттоо» АМСтин « Колдонуучунун нускамасына» ылайык ишке ашырылат.

27. Каалаган мектепте орун жок болсо, ата-эне/мыйзамдуу өкүл «Электрондук каттоо» АМС аркылуу бош орун бар мектепке катталат.

28. Каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне/мыйзамдуу өкүл бош орундар бар мектептерди тандап, «Электрондук каттоо» АМС аркылуу катталат.

29. Менчиктин аралаш жана жеке менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдары каалоосу боюнча балдарды биринчи класска электрондук каттоо процессине катыша алат.

2022-жылдын 11-апрелден 15-майга чейин мектеп-гимназиясына бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат.

 

Кабар кылабыз

КР Билим берүү Министрлиги  мектептерде 11-апрелден баштап, «мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен иш алып барат.

 

http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА

 

Ата-энелер үчүн статьялар

Скачать «Психологические особенности мальчиков и девочек подростков»

Скачать «Памятка родителям о физическом наказании»

Скачать «Компьютерная зависимость у подростков»

Скачать «Подрастковый возраст»

Скачать «Профилактика асоциального поведения у подростков»

Скачать «Иммунитет на пять»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета