Ички тартиби

Танапистердин ырааттамасы

1-смена2-сменаТанапис
1800 – 8451315 – 14005 мүнѳт
2850 – 9351405 – 14505 мүнѳт
3940 – 10251455 – 154010 мүнѳт
41035 – 11201550 – 16355 мүнѳт
51125 – 12101640 – 17255 мүнѳт
61215 – 13001730 – 1815
 

 

  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2022-2023-окуу жылына карата базистик окуу планына түшүндүрмѳ катынын негизинде мектептин 2022-2023-окуу жылында окуу сабактары 2022-жылдын 1-сентябрында башталып, 2023-жылдын 25-майында аяктайт.
  • Каникулдардын узактыгынын мѳѳнѳтү тѳмѳнкү тартипте белгиленген: Күзгү каникул-7 күн, 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин, сабак 2022-жылдын 7-ноябрда башталат; кышкы-12 күн, 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин, сабак 2023-жылдын 11-январында башталат; жазгы-9 күн,  2023-жылдын 20-мартынан   29-мартына чейин, сабак 2023-жылдын 30-мартында башталат.
  • Майрам жана каникул күндѳрү эске алынбаганда мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу жылынын узактыгы 5-11-класстарда экзамендик күндү эске алуу менен 34 жумадан 36 жумага чейин окуу жумасын түзѳт.
  • Мектептин 2022-2023-окуу жылы үчүн түзүлгѳн окуу планы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 буйругу менен бекитилген, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мектептер үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планынын негизинде түзүлдү, ал боюнча окуучулардын жумалык жүктѳмүнүн жогорку чеги: 5-класстар үчүн 28 саат, 6-класстар үчүн 29 саат, 7-класстар үчүн 30 саат, 8-класстар үчүн 30 саат, 9-класстар үчүн 30 саат, 10-класстар үчүн 30 саат, 11-класс үчүн 30 сааттан ашпоого тийиш.
  • Окуу сабактарынын убактылары жана расписаниеси окуу-тарбия бѳлүмүнүн башчысы тарабынан түзүлүп, директор тарабынан бекитилген сабактардын расписаниесине ылайык ѳткѳрүлѳт. Сабактардын расписаниеси кѳрүнүктүү жерге илинет.
  • Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-аперелиндеги №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жѳнүндѳ» токтому менен бекитилген, анын «Билим берүү процессинин режимине коюлуучу гигиеналык тараптар» аттуу 11-бѳлүмдѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормалар тууралуу сунуштарга, ошондой эле окуу-тарбиялык процесстерди уюштурууга ылайык: окуу сабактары 8 00 дө башталат.
  • Мектепте 2022-2023-окуу жылындагы 1-11-класстарындагы окуучулардын комплектованиясы 514 окуучуну түзѳт.
  • Окуучулардын мектептик формасы үстү жагы ак, алды жагы кара түстѳ болушу керек. Күн суук мезгилде жылуу кийимдерди кийүүгѳ уруксат берилет. Сабак мезгилинде окуучу мектептин милдеттерин аткарууга милдеттүү.
  • Окуучуга себепсиз сабакты таштап кетүүгѳ уруксат берилбейт. Сабактан бош убакта ѳз каалоосу боюнча предметтик кружокторго катышуусуна уруксат берилет. Окуу сабактарын жүрүп жаткан убакта ата-энелердин жана бейтаныш адамдардын сабакка тоскоол болуусуна тыюу салынат.
  • Сабактан тышкары иш чаралар жалпы педагогикалык кеӊешмеде талкууланып кабыл алынып, директор тарабынан 2022-2023-окуу жылы үчүн бекитилген окуу- тарбия иштеринин планы боюнча ѳткѳрүлѳт жана бекитилген план боюнча иш алып барууну уюштуруу планда кѳрсѳтүлгѳн жоопкерчиликтүү адам тарабынан аткарылат жана жоопкерчиликтүү администрациянын кѳзѳмѳлүндѳ болот.
  •  

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета