Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Бердалы Календеров атындагы  орто мектебине окуучуларды кабыл алуу эрежелери жөнүндө  Жобо

 

  1. Жалпы жоболор

 

  • .Окуучулардын мектепке кабыл алуу эрежелери  “КР Билим  тууралуу” мыйзамынын жана  мектептин  Уставынын негизинде  иштелип  чыкты
  • . Бул жобо Бердалы Календеров атындагы орто мектебине окуучуларды кабыл алуу эрежелерин  жана  нормаларын  аныктайт.

 

  1. Мектепке кабыл алуу баскычтары

 

Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде  билим берүү,  билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:

— жалпы башталгыч — 1-4-класстарды;

— жалпы негизги — 5-9-класстарды;

— орто жалпы — 10-11-класстарды.

Жалпы башталгыч билим берүү, жалпы негизги билим берүү,  Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээлдери болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз орто жалпы билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

Мектептеги билим берүү инсандын коомдо активдүү иштеши жетиштүү болгон, өз баскычтарына шайкеш келгидей билимин, жана практикалык ык алуусу менен өсүп-жетилүүсүн камсыз кылып, кесип жана квалификация алышына база катары кызмат кылат.

Жалпы башталгыч билим берүүдө 1-класска кабыл алуу “Электрондук каттоо” аркылуу жүргүзүлүп, кабыл алуу  курагы — 6-7 жаш, төрт жылдык окуу мөөнөт, ар бир класста окуунун узактыгы — бир окуу жылынан кем эмес.

1-класска электрондук кабыл алуу “КРнын мамлекеттик жана муниципиалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо”   АМС  жөнүндөгү Жобого негиз жүргүзүлөт.

Жалпы башталгыч билим берүүнүн максаты: баланын инсандыгын калыптандыруу, анын интеллектуалдык шыгын өөрчүтүү, окуп жаткан тилинде эсеп-кысап, окуу жана жазуу ыктарына, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөшө билүү өнөрүнө үйрөтүү.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүү окутуунун күндүзгү формасы боюнча жүзөгө ашырылат.

Жалпы негизги билим берүү программасы боюнча окууга башталгыч мектепти бүткөн бардык окуучулар конкурссуз кабыл алынат.

Жалпы негизги билим алган адамдар орто жалпы билим берүү программасы боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик же орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга милдеттүү.

Орто жалпы билим берүү кесиптик орто же кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча окууну улантууга зарыл болгон инсандын негизги теориялык даярдыгын, билим алып жаткандардын таламдары жана жөндөмдүүлүктөрү боюнча тармактык тереңдетилген жалпы маданиятын калыптандырууну камсыз кылат.

Мамлекеттик орто мектепке жалпы негизги мектепти бүтүргөн бардык каалоочулар акысыз кабыл алынат.

Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде жеткиликтүү окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет.

 

  1. Мектепке кабыл алуу эрежелери

Окуучуларды мектепке кабыл алууда талап кылынган документтер:

  1. Ата-энесинин арызы
  2. Өздүк дело
  3. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк
  4. Ата-энесинин паспорт көчүрмөлөрү
  5. Жашаган жеринен аныктама
  6. Сүрөт 3х4=4 даана
  7. Медициналык аныктама Ф-26, Ф-63

8.Окуучунун ОМСнин көчүрмөсү

  1. Файл папкасы (20 барактык 1 даана)
  2. Электрондук каттоодон өтүү (АМС, ИСУО)

10-класстарга кабыл алууда: жогорудагы документтер менен бирге  кошумча ата-эненин арызы, 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат.

 

Окуучуларды кабыл алууда мектеп администрациясы ата-энелерди  мектептин ички документтери менен тааныштырат:

 

а) Мектептин уставы;

б) Жалпы орто билим берүү мектебинин сертификаты;

в) Мектептин  ички  тартибинин  эрежелери  жөнүндө Жобо.

 

  • Мектепке кабыл алууга арыз берилгенден кийин директордун буйругу менен 2 күндүн  ичинде алынат.
  • 1-класстан 11-класска чейин кабыл алуу боюнча буйрук ушул жылдын 5-сентябрына чейин чыгарылат.
  • Окуучу мектепке киргени тууралуу буйрук чыккандан кийин алфавиттик китепчеге жазылат.
  • Ар бир окуучуга өздүк дело түзүлөт. Өздүк делого окуучунун алфавиттик китептеги жазылышына ылайык номер берилет.
  • Окуучуну кетирүүдө алфавиттик китепчеге каякка кеткендиги жана себеби жазылат (мектеп ичиндеги  буйрук)
  • Өздүк дело мектепте сакталат. Эгер башка мектепке кетсе ата-энелердин жазып берген арызынын негизинде жана окуп жаткан мектебинен аныктама алып келсе өздүк дело берилет.
  • Б.Календеров атындагы орто мектеби  мектеп жашындагы билим алуу укугуна ээ болгон бардык жарандарды кабыл алат.
  • Балдарды негизсиз себептер менен кабыл албоого жана конкурстук талап менен алууга уруксат берилбейт.

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета