1- декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү
Б.Календеров атындагы орто мектебинде «1- декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө » карата 11- ноябрь 2022- жылы рай БББ ден келген буйруктун негизинде иш план түзүлүп, мугалимдерге иш чаралар бөлүнүп берилди.
14- ноябрь күнү окуучуларга бир айлык иш чара,анын максаты жөнүндө маалымат берилди. «СПИД оорусунун алдын алуу» деген темада Юсупова Айгүл 9- б классы менен биргеликте линейкада түшүнүк беришти.
25-ноябрда Болотова Калнура 9-а классына » СПИД оорусунан сактаналы » аттуу ачык тарбиялык саат өттү.
Ал эми ушул эле күнү Турапова Жазгүл 8- а классына » СПИД- коркунучтуу дарт» аттуу жолугушуу кечесин өткөрдү.Жолугушуу абдан жогорку деңгээлде болуп өттү. Жолугушууга айылдык оорукананын башкы медайымы Жусупбекова Жаңылкан катышты. Окуучулар кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты.
1- декабрь күнү Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн «Кызыл жарым ай коомунун » мүчөсү Төрөгожоева Анаркүл эже тренинг өтүп, эң мыкты дилбаян жазган окуучуларга акчалай сыйлыгын тапшырды.
Комментарии