Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Окуу керемет!» долбоору боюнча кезектеги ата-энелер чогулушу жана USAID дин “Окуу Керемет!” долбоорунан 3-4-класстын окуучулары жана алардын ата-энелеринин арасында «Фин-чилистен» сынагы өткөрүлдү.
Бүгүн Ак-Талаа районунун Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Окуу керемет!» долбоору боюнча кезектеги ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Анда USAID дин “Окуу Керемет!” долбоорунан 3-4-класстын окуучулары жана алардын ата-энелеринин арасында «Фин-чилистен» сынагы башталгыч класстын усулдук бирикмесинин жетекчиси Ибраимова Назиранын уюштуруусунун негизинде өткөрүлдү.
Конкурста 6 тур болду:
1-тур: “Өз колуң менен акча топтоочу буюм (копилка) жаса”
2-тур: Үй тапшырмасын коргоо
3-тур: “Блиц суроолор”
4-тур: Ата-энелер үчүн “Биздин каржылык абалыбыз кандай?” Балдар үчүн маселе чыгаруу тапшырмасы берилди.
5-тур: Акча чогултуу боюнча кеңештер
6-тур: Жыйынтыктоо.
Жеңүүчүлөргө «Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай» деп алты үй бүлө мүчөлөрүнө китеп, копилкага чогулган акчалары жана грамоталар, гүл белек алышты.
Жалпы сынактын катышуучуларына, алып баруучу Эсенгулова Айзадага, калыстар Талипова Нуржан, Султангазиева Жайна, Мамышева Айзадага жана бардык ата-энелерге ыраазычылык билдиребиз.
Баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо ата-энелердин, мугалимдердин жана аны тарбиялоого катышкан башка чоң адамдардын негизги милдеттеринин бири. Бул өзүн өзү алып жүрүүнү, санаганды жана жазганды билүү гана эмес. Буга үй-бүлөдө жана коомдо – каржылык жана экономикалык мамилелерди билүү үчүн зарыл болгон негизги көндүмдөр да кирет. Финансылык сабаттуулукту Жеке материалдык байлыкты жогорулатуу, аны сактоо боюнча билимдердин жана бул үчүн зарыл болгон көндүмдөрдүн жыйындысы катары финансылык сабаттуулукту калыптандыруу экономикалык социалдаштыруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Баланы башталгыч мектеп курагында эле акча, эмгек, эмгек акы, сый акы жаатындагы элементардык түшүнүктөр менен тааныштырып, ага жеке каржыны башкаруунун алгачкы жолдору жөнүндө айтуу керек. Бул негизинен акча менен байланышкан туура адаттарды, финансылык жактан сабаттуу жүрүм-турум мамилелерин калыптандыруу үчүн зарыл. Бул адаттар балага келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонгонго, туура максат коюуга жана ага жетүүгө жардам берери турган иш.
Келечекте Кыргызстанды билимдүү жаштар дүйнөгө таанытып өнүгөлү.
Комментарии