4-декабрь — «Манас» күнү
4- декабрда » «Манас» күнүнө арналган бурч уюштурулду. Ага «Манас» эпосу,анын мааниси ,»Манастын жети осуяты» боюнча маалыматтар илинди.
«Манас» күнүнө арналган адабий кече болуп өттү. Анда, «Манастын уулу Семетей» эпосунан алынган инценировканы 7- а классынын окуучулары жогорку чеберчилик менен аткарышты. Ошондой эле,11- а классынын окуучусу Корчубек кызы Жайнагүлдүн аткаруусунда Каныкейдин монологу көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
11- а классынын окуучусу Акай уулу Аскар «Көкөтөйдүн ашын » айтты
5-а классынын хор менен айтылган «Манасы» да көпчүлүктү кайдыгер калтырбады.
Ошондой эле 28- ноябрда окуучулар арасында » «Манас» — кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу дилбаяндар сынагы жарыяланган. Жыйынтыгында,11-а классынын окуучусу Саякбаева Калтар 1- орунду, 10-а класстын окуучусу Максатбекова Айтурган 2- орунду, 9- а классынын окуучусу Талипова Сезим 3- орунду жеңип алышты. Жеңүүчүлөр грамоталарга ээ болушту.
Комментарии