Мектепте «Күзгү бал» кечеси жана «Алтын күз» конкурстары болуп өттү
2022-жылдын 26-октябрында Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде мектептин уюштуруучусу Разакулова Кундуз тарабынан түзүлгөн планга ылайык «Күзгү бал» кечеси болуп өттү . Кечеге 8-11- класстын окуучулары катышышты. Окуучулар ар кандай материалдардан( целлофан, газета ж.б) көйнөктөрдү тигип, мода көргөзмөсүнө алып чыгышты. Кече абдан кызыктуу өттү. Ошондой эле 1- 7- класстардын ортосунда «Алтын күз» темасында сүрөт жана көркөм окуу конкурстары болду.
Комментарии