23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө 33 жыл
23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Б. Календеров атындагы орто мектебинде бир катар иш чаралар болуп өттү. Тил күнүнө карата бурчтар уюштурулду. 9-а классынан түзүлгөн «Мурас» жана 9- б классынан түзүлгөн » Эне тил» тайпаларынын ортосунда «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу таймаш болуп өттү. Таймашта жаңылмач айтуу,макал- лакаптарды толуктоо, көркөм окуу, патриоттук темадагы ырлардан аткаруу сыяктуу тапшырмалар камтылды. Жыйынтыгында » Мурас » командасы 148 упай менен жеңүүчү деп табылды . Ошондой эле, мектептин Жаштар уюму 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тилсиз улут болбойт» деген темада салтанаттуу жыйын өткөрдү. Бул жыйында да ,тилге арналган учкул ойлор, декломациялар, көркөм окуулар, обондуу ырлар, кыргыз бийлери аткарылып , окуучуларды кыргыз тилин даңазалоого, кадыр- баркын көтөрүүгө , сүйүүгө чакырык таштадык десем жаңылышпайм. Мектептин уюштуруучусу Разакулова Кундуз Искаковна
Комментарии