«Билерман ордо» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өтүп, ага 18 мектептин командалары катышып, биздин мектептин окуучулары дагы катышып келишти. Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, тез ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, мектептер аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо максатында өткөрүлдү. Интеллектуалдык оюндун жүрүшүндө тарых, география, спорт, маданият тармагына тиешелүү жана логикалык суроолор берилип, жооптор кагаз жүзүндө алынды. Ойлонуу убактысы бир гана мүнөт болгондуктан окуучулар тез ойлонуп, жооп табууга аракеттенип жатышты. Атайын сырттан келген калыстар тобу командалардын упайларын эсептеп, жеңүүүлөрдү жарыялады. Жыйынтыгында, Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин «Акыл кенчи» командасы 1-орунга ээ болуп, чемпиондук наамды жеңип алды. Ал эми Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинен келген «гриффиндор» командасы 2-орунду камсыз кылса, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы 3-орунга чыкты. Чемпиондук наамды жеңип алган «Акыл кенчи» командасы интеллектуалдык оюндун облустук туруна жолдомо алды. Жеңүүчүлөргө Ардак Грамота жана белектер берилди.
Комментарии