Мектепте жаш мугалимдер арасында кароо-сынак жыйынтыкталды.
Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде 3 жылга чейинки стажысы бар жаш мугалимдер арасында кароо-сынагын өткөрүү боюнча жобо иштелип чыгып, кароо-сынактын жыйынтыктоочу баскычы 2022-жылдын 30-апрелинде өткөрүлдү. Кароо-сынак 3 баскыч менен өткөрүлүп, 1-баскычында 11-апрелден 22-апрелге чейин мугалимдер ачык сабактарды өтүшүп, комиссия мүчөлөрү сабактарга катышышып, өз бааларын беришти. 2-баскычында катышуучулардын видео сабактарына баа берилди. 3-баскычында катышуучулардан педагогикалык тест боюнча билимдери текшерилди. Жыйынтыгында 1-орунду физика мугалими Орособек уулу Оңолбек, 2-орунду китепканачы Болотбек кызы Гүлбарчын, 3-орунду башталгыч класстын мугалими Аширова Назира ээ болду жана жеңүүчүлөргө мектептин кесиптик уюму тарабынан баалуу белектер жана дипломдор берилди. Конкурска катышкан мугалимдерге кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Комментарии