ПОЛЬШАЛЫКТАР МЕНЕН БИРГЕ КҮНГӨ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮШТҮ
Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде «Ааламга саякат» аталышындагы райондук деңгээлде тренинг өткөрүлүп, тренингге Польша өлкөсүнөн келген өкүл Эвелина Градзка айым, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинен Чынар Сатындиева, Мирбек Чырмыев жана райондун мектептеринин физика мугалимдери катышып, мектепке берилген телескопту окуучулар, мугалимдер кандай деңгээлде пайдаланып жатканына күбө болушту.
Тренингдин өтүшүндө окуучулар Марстагы жашоону элестетүү менен макеттерди жасашып, презентация жасашып, жылдыздардын жаралышы боюнча сценкаларды аткарышты.
Ошондой эле, тренингдин катышуучулары Эвелина Градзка менен бирге телескоп аркылуу күнгө байкоо жүргүзүштү.
Польшалыктар аталган мектептин физик-астроном мугалими Оңолбек Орособек уулу жеңип алган долбоордун ишине эң жакшы баа беришти.
Комментарии